ЭЛДИК КАБАР: Кечээ Токтогул районундагы Сасык кыштоосунда карышкыр тирүүлөй кармалды

Кечээ, 5-февралда Токтогул районундагы Сасык кыштоосунда карышкыр тирүүлөй кармалды. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.

"Сасык кыштоосундагы чабандар ыкчам аракеттердин аркасы менен малчыларга зыян алып келип жаткан карышкырды тирүү кармап алышты. Бакыт деген жигит ат чаап бара жатып карышкырды секирип түшүп басып калды",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Patriot...kg
2016-02-06 17:26:41
Токтогулдуктар ачылды. Карышкырды тирүү капмап
+1
behappy74
2016-02-06 18:08:31
Карышкыр баса калдырып эле жатып калат экен дейт.Тиши тушуп буткон алжыган эле карышкыр болбосо. Тиштегенде килейген жылкынын ооз омурткасын бычырыта чайнайт,баса калам дегенди жарып салаар.
+4
AiBoru
2016-02-06 18:34:31
Олгон карышкыр го ))
Буту бир эле калыпта турат.
Менин билишимче, тируу карышкыр оозун байлап салса, буту менен да алышмак го
0
kaarman89osh
2016-02-06 18:41:18
Кырк кун эт жебеген карышкырдын да бир итти качыраар аалы бар дешет го
0
taalay89
2016-02-06 18:42:58
Behappy74 belek2070 Dasta көрбөгөндөн кийин бироонун абирине шек келтирген сөздөрдү жаза бербегиле мен бул окуянын күбөсүмүн.
0
BekAmir
2016-02-06 18:52:03
Элдерге сынатып эле койсо. Бул карышкырды тируу кармаган Кыргызстанда биринчи корунуш эмес. Азамат эр журок экен.
+1
makemake1979
2016-02-06 19:26:02
BekAmir,ошода кармап эмес тоодон унун уканда журок селт этет чынбы омуру карышкыр корбой анан сынап коюш туура эмес сага кошулам кыргыздын кызы сулуу жигити эр журок
+3
Nurisum
2016-02-06 20:12:50
makemake1979 мен дагы сага кошулам
0
briliant87
2016-02-06 21:07:38
Бири бирине кошулуп журобергиле эми.
+3
baxa-93
2016-02-07 02:54:12
briliant87,туура
0
kochkor.siti
2016-02-06 21:09:35
Азамат бала екен
0
Aidai5555
2016-02-06 21:19:46
Башында бул сыяктуу жаңылыктар таңданууну,сыймыктанууну жаратса,азыр шек,ишенбөөчүлүк жаратып калыптыр да)))
0
spinkub
2016-02-07 02:48:55
Биринчи фотодогу болочок султан сулейманго
0
talant87
2016-02-07 07:40:15
чындыкты айткыла элдер карышкыр баса калыш кыйын анда неге сурото оозун байлап алат озун койберишбейби корот элем анан
+1
bolotbai3
2016-02-07 07:44:35
Ото эле чапакай шамдагай болуп кеткен жоксунарбы?Джеки Чан да аттан секирип тушуп кармайт олгон карышкырды.Силер атта кетип жатып,качып кетип жаткан карышкырга чап кенедей жармашсанар анда аябай укмуш балдар.Эгер чын болсо ушунунар молодец дейим.
+1
CHORO.66
2016-02-07 13:25:13
Гинесстин китебине жазыш керек.Бул да рекорд
+1
Svoboda83
2016-02-07 19:23:52
Кармаса азамат экен кармаптыр эмнеле талаша бересинер ишенбестен Ишенбегендер бул фотошоп деп эле койбопсунар ошол созу эле калды жазылбаган Кармаса кармап алдыда анын эмнеси бар экен кееде ушундай мумкунчулук болуп калат тартыша бербегиле туугандар качанга чейин бири бирибизди коро албай журобуз уят эле Кыргыз деген бирин бири поддержка кылып которсок жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан