ЭЛДИК КАБАР: Бишкектеги Полиция шаарчасынын тургундары таштандыларды агын сууга ташташууда

Бишкектеги Полиция шаарчасынын тургундары таштандыларды агын сууга ташташууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 6-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.

"Горький менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинин өйдө жагындагы Полиция шаарчасынын тургундары таштандыны каякка төгөрүн билбей, "Ала-Тоо" совхозунан түшкөн агын сууга таштап жатышат. Аккан сууну качан кыргыз булгачу эле? Анын ылдый жагындагы айдоо жерлер дал ушул суу менен сугарылат. Сууну тазалоочу технология жок. Жазында суу көтөрүлсө, таштандылар аны менен агат",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Gulya21
2016-02-06 16:59:16
Тургундар оздору таштанды таштайт дагы таза суу жок дешет
+8
Shef87
2016-02-06 17:54:47
Gulya21, Государство толоп берет кыжаалат болбогула
+2
dasta
2016-02-07 00:09:51
Сен таза болсон каналда таза болот
+1
Umar080814
2016-02-06 18:23:47
Сен таза болсоң мен таза болсом коом таза болот дегенге кандай карайсыңар
+4
kaarman89osh
2016-02-06 18:35:59
Полиция деген шаарча барбы бишкекте укан эмес элем
+8
B.B.Sadykov
2016-02-06 19:40:50
kaarman89osh,полиция шаарчасы(полицейский городок) деген бар. Мен угуп эле буром. Азыркы Алтын Ордо.
+2
Rifle_2
2016-02-06 21:24:53
Бет дегенден нет.
+4
Nurgazy777
2016-02-07 00:38:26
мусорской городок
деп озгортуш керек бекеринен полицияны мусорлор дебейт да эл
+2
Shanson
2016-02-07 12:43:00
Nurgazy777, ))) кеп эмес бекен, чиркин!
+1
ruslankg
2016-02-07 18:43:22
Nurgazy777,ичти оруттун ))))))
0
KursKG
2016-02-07 00:45:08
"Сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот"-деп Исхак Раззаков эн бир туура айткан, ушул принципти ар бир Кыргыз жараны кармасак биз тез эле онугуп кетсек керек деп ойлоймун.
+3
kuba502
2016-02-07 09:32:49
Полиция шаарчасы менен Алтын -Ордо жаңы конуштары жанаша турат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан