ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарында эки унаа сүзүшүп, жол-кайгуул кызматкерлерин 2 саатка жакын күтүштү

Бүгүн, 7-февралда Ош шаарында эки унаа сүзүшүп, жол-кайгуул кызматкерлерин 2 саатка жакын күтүштү. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүн саат 13:00-14:00 чамасында Ош шаарындагы Монуев көчөсүндө Тико жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү. Окуя болгон жерге жол-кайгуул кызматкерлери келбегендиктен, унаа тыгыны пайда болуп, мындан улам эки тарап өз алдынча сүйлөшүп, унааларын алып кетишти. Жол-кайгуул кызматкерлерин 2 саатка жакын күтүштү. Тилекке каршы, алар келишкен жок. Эгер биздин жол кызматкерлерибиз жакшы иштешсе, мындай окуялар азаят беле..."- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
uragan007
2016-02-07 21:43:19
Дем алыш куну кайсы ГАИ иштегиси келет? Кыйратып иштеп дем алып жатса керек....
+5
Sumaya.15
2016-02-07 21:58:43
Дем алыш кун болсо сменщик болуш керек
+2
alas
2016-02-07 22:47:46
Баардыгы кочого акча тергени кетишсе керекда
+1
jooshbala
2016-02-08 01:02:25
кыргызстангав мен кээде ойлонуп олтуруп тамммм берем....аман эле болушсун биздин паракорлор
+2
jooshbala
2016-02-08 01:05:05
мен мисалы москвада маршрут айдайм.Кээде правила бузуп калганымда гаилер токтотуп пул сурабайт протокол тузуп кагаз жазып берет банкка толойсун деп.Наместе эле штраф толоп кете берейинчи десен жоок дейт карагыла эми кандай ак иштешет биздикилер токтоткон машинесинен каминда 100 сом алат
+1
Bars111
2016-02-08 01:47:12
Ушундайда МАИ кызматкерлери керек болуп калат,башка убакта аларды паракорлор дейсиңерго. Алар жок болсо кандай болот экен? Эми ойлонуп көргүлө...! Эки унаанын ээси 2 сааттай келише алышпай туруп, анан 2 сааттан кийин чакырышса керек да.
-2
Umar080814
2016-02-08 02:52:20
Тико менен фиттен акча өнбөйт десе керек да
+3
bek040295
2016-02-08 07:51:15
МАИ- машинаны андыган и..тер

мындай жерге чакырбасада кечилего
0
SHAHDAR
2016-02-08 08:43:36
Эртен эле айтыпчыгышат Фит куноолу деп.
Конуп да калдык, он колдууларды куноологондоруно.
+1
Inna_91
2016-02-08 16:35:16
Ыссык чайды шашпай ичип баравызда дегендирда
0
Kroxa
2016-02-09 00:56:23
А если адамдар жабыркаса да кечигишеби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан