27-февралда Бишкекте алгачкы жолу театрлар таймашы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, таймаш, аталган министрлик тарабынан өткөрүлөт.
“Таймашка өлкөбүздөгү театрлардын баары катыша алат. Катышкан театрлар үч жанрдагы чыгарма даярдоого тийиш (драма, трагедия, комедия). Ар бир чыгарма 10 мүнөттөн болуш керек. Чыгарманы таймашка түшүүчү театрлар өздөрү тандап алат жана калыстарга алдын ала маалымдалат. Беттешүүчү театрлар чүчү кулак аркылуу аныкталат. Ар бир таймашта экиден театр ат салышат. Жеңишке жетишкен театрларга акчалай сыйлыктар берилет.
27-февраль күнү Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болуучу алгачкы таймашта Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры менен Мамлекеттик "Учур" жаштар театры беттешет”,- деп айтылат маалыматта.