Бишкекте Германиянын артисттери “Опера классикасынын шедеврлери” аттуу концерт өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 11-февралда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Ж.Верди, Ж.Пуччини, Ж.Бизе, П.Масканьи жана Ж.Россининин чыгармалары жаңырат. Концертте тенор Саян Исин, сопрано Заира Раимбекова, башкы дирижёр Рахатбек Осмоналиев жана Асанкан Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр элдин маанайын көтөрмөкчү.