Өкмөт үй-бүлө, эне жана балдарды колдоо боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууга киришти. Муну вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева 22-февралда эксперттер менен жолугушууда билдирип, социалдык багытта түрдүү программалар болгону менен, үй-бүлө институтун өнүктүрүүгө багытталган документ кабыл алына электигин белгиледи.
"Даярдала турган программа мамлекеттик бийлик тараптын да, коомчулуктун да аракеттеринин конкреттүү планы болушу керек. Үй-бүлө социалдык коргоонун предмети гана болуп калбай, балдарды коргоого, үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөөгө жалпы маанидеги мамиле жасалышы шарт",- дейт Кудайбердиева.