Кечээ, 25-ноябрда Бишкектеги көчөлөрдүн биринде унаасынын арткы айнегине өзгөчө жазуу чаптап алган айдоочунун видеосу социалдык тармактарда тарады.
Видеодо айдоочу арткы айнегине "Бүгүн менин туулган күнүм. Куттуктоо үчүн сигнал бас" деп жазып алганын көрүүгө болот. Артында келе жаткан унаанын айдоочусу бул өтүнүчтү четке какпай, сигнал берип куттуктап өткөн.
Бул позитивдүү көрүнүш интернет колдонуучуларынын маанайын көтөрдү.