Биз социалдык тармакта

Өзбекстанда 12-жылдык окууга өтүү чечими кабыл алынды

Өзбекстанда жалпы орто билим берүүнүн мөөнөтү 12 жылга узартылат. Бул тууралуу кечээ, 25-ноябрда өлкөнүн басылмалары билдирди.

Маалым болгондой, жаңы өзгөртүүгө ылайык, 6 жаштагы балдар үчүн мектепке даярдоо программасы милдеттүү жалпы орто билим берүүнүн биринчи баскычы катары киргизилет. Бул чечим Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан кабыл алынды.

"Ошентип, система бир жылдык даярдоо жана мектептеги 11 класстан турат. Даярдоо сабактары мамлекеттик бала бакчаларда, мектептерде жана атайын жайларда өткөрүлөт. Мамлекеттик мекемелерде окуу акысыз болот", - деп кошумчалады басылмалар.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 12-жылдык билим берүү системасына 2025-жылы өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан