Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда атайын техникаларды сактоого арналган үч ангар курулуп, пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ангарлар жолдун 75-, 86- жана 107-чакырымдарында жайгашкан. Эки ангардын узундугу 50 метрди, бирөөнүкү 20 метрди түзөт.
Жаңы курулуштар атайын техникаларды жана жабдууларды аба ырайынын таасиринен коргоого, ошондой эле жол куруу иштерине өз убагында тартууга шарт түзөт.