Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева ар кыл кесиптин өкүлдөрү менен жолугушуп, аларга сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бир катар жарандар көп жылдык үзүрлүү эмгеги, кесиптик жоопкерчилиги жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары, медалы жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Депутат өз сөзүндө ак ниет эмгектенген жарандар ар дайым жогору баалоого татыктуу экенин белгилеп, сыйлык ээлерине мындан аркы иштеринде ийгиликтерди каалады.