Парламентте бүгүн, 25-февралда саламаттык сактоо системинин көйгөйлөрү – калкка онкологиялык жардам көрсөтүү, энелердин жана ымыркайлардын өлүмү, бөйрөк оорулууларга жардамдашуу темасына арналган “Өкмөттүк саат” өтүүдө.
Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын билдиришинче, дүйнөдө, анын ичинде кыргыз мамлекетинде онкология дартына чалдыккандардын саны өсүүдө. Ар бир 100 миң адамга 82 оорулуу адам туура келери айтылды. Вице-премьер акыркы жылдары эне менен баланын өлүмүн кыскартуу жаатында бир аз жылыштар бар экенин, 2008-жылы ар 1000 балага 33 баланын өлүмү туура келсе, 2015-жылы 17 өлүмгө чейин кыскарганын айтты. "Энелер менен балдардын өлүмүнө негизинен ички жана тышкы миграциялардын күчөшү терс таасир тийгизүүдө",- деди Кудайбердиева.