Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо колдонулуучу бюллетендин формасы жана коргонуу деңгээли бекитилди. Чечим 25-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Жыйында Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча протокол, жергиликтүү кеңештин бир катар депутаттарына мандат берүү тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери каралды.
Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Азизбек Айткурбанов кызматынан бошотулуп, жаңы башчыны шайлоо 15-мартка белгиленди. Мындан тышкары Кочкор, Жумгал, Аксы, Тогуз-Торо, Кемин, Панфилов, Жети-Өгүз, Манас, Лейлек райондору жана Нарын, Каракол шаарлары боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизилди.