Мээрбек Мискенбаев жаңы дайындалган ички иштер министринин орун басарын "7-апрелде элди аткан" деп айыптоодо

Данияр Абдыкаров ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун ИИМден тастыкташты. Абдыкаров ички иштер министринин мурунку орун басары Калыбек Сатыбалдиевдин ордуна дайындалды.

Мындай дайындоого парламент депутаты Мээрбек Мискенбаев (сүрөттө) каршы. Депутат өкмөт башчы Сариевди "7-апрелде элди аткан эргулду министрдин орун басары кылды" деп айыптоодо.

"2010-жылдын 6-апрелинде Таласта элдик толкундоолор башталып, 7-апрель күнү Бакиевдин режими кулаган маалда азыркы ИИМ жетекчисинин жаңы орун басары болуп келген Данияр Абдыкаров Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болчу. Бакиевдин криминал аралашкан бийлигин колдоп, Таластагы баш аламандыкты күчөтүп, элди атып, Талас РИИБинин имаратынын өрттөнүп,
курал-жарактардын жоголуп кетишине жол берген адамдардын бири. Темир Сариев 7-апрелде элди аткан эргулду министрдин орун басары кылды! Өкмөт башчынын бул кадамы - 7-апрелде курман болгон азаматтарды сыйлабагандык. Данияр Абдыкаров сыяктуу адамдардын орду министрликте эмес, түрмөдө болчу",
- деп билдирди депутат SUPER.KG порталына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан