Казакстанга ишке орношуу үчүн барган кыргыз жарандары гана 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрө алышат. Муну бүгүн, 26-февралда өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти. Ал эми өлкө жарандарынын бири-биринин аймагына кирип-чыгуусу боюнча өкмөттүк макулдашуунун негизинде Казакстанга кирген кыргыз мамлекетинин жарандары коңшу өлкөдө 5 күндүн ичинде 3 айга чейинки мөөнөткө каттоого турууга милдеттүү.
Миграция кызматы Казакстанга кирчү кыргыз жарандарын мамлекеттик чек арадан миграциялык карточканы толтуруу алдында аталган өлкөгө кирүү максатын так аныктап алууга чакырууда. Каттоого тезинен туруу же турбоо маселеси жарандын өлкөгө кирүү максатынан көз каранды болору айтылат маалыматта.