Темир Сариев электр энергиясында жоготууларды азайтуу жана коррупцияны жоюу боюнча тапшырмалар толугу менен аткарылбай жатканын айтты

Премьер-министр Темир Сариев энергетика тармагындагы мамлекеттик ишканалар, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, премьер-министр былтыр электр энергиясында жоготууларды азайтуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тапшырма коюлганын, бирок бул тапшырмалар толугу менен аткарылбаганына токтолду.

"Өткөн жылы бөлүштүрүүчү компаниялардын алдына электр энергиясындагы жоготуулардын санын 14 пайызга чейин кыскартуу, дебитордук карыздарды азайтуу тапшырмасы коюлган. Бул тапшырманы бир да компания толугу менен аткарган жок. Ошондуктан компаниялар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат",- деди Темир Сариев.

Премьер-министр бөлүштүрүүчү компаниялардын аймактарда "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу, сатып алууларды ачык-айкын жүргүзүү жаатындагы ишинде бир катар кемчиликтер бар экенин билдирди. Буга байланыштуу Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевге “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ишканаларынын башчыларына сөгүш жарыялоону жана планды аткарбаган аймактык электр ишканаларынын жетекчилеринин кызмат ордуна ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан