"Шайлоого 2-3 талапкер катышса, балким, жыйынтык башкачараак болмок. Бирок шаардык кеңеш мэрликке жалгыз эле талапкерди чыгарууну чечти. Мен өз милдеттериме жоопкерчиликтүү мамиле жасайм. Шаардык кеңеш, жарандар жана Кудай алдында жооп берүүгө даярмын",- деп билдирди Бишкек шаарынын жаңы шайланган мэри Албек Ибраимов.
Белгилей кетсек, анын талапкерлигине шаардык кеңештин шайлоого катышкан 43 депутатынын 42си "макул" деп добуш беришти. Эки депутат шайлоого катышкан жок.