Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган делегация Австрия парламентинин спикеринин биринчи орун басары Карлхайнц Копф менен жолугушту. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, тараптар эки жактуу кызматташтыктын абалы жана келечеги, анын ичинде парламенттик байланыштар тууралуу пикир алышты. Австрия парламентинин вице-спикери эки өлкөнүн парламент депутаттарынын эки тараптуу сапарларын уюштуруу сунушун билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасы-Австрия мамилелерин өнүктүрүү маселелери менен эки жактуу сапарлар жана иш-чараларды талкуулоо үчүн ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, Австрия парламентинин депутаттык комитетинин башчысы Кристин Муттонен менен дагы жолугушуу өткөрөрү айтылат маалыматта.