Депутаттар ишкерлерге карата салык текшерүүлөрүн убактылуу токтотуу демилгесин жактырышкан жок

Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинде 29-февралда "Салык текшерүүлөрүнө мораторий киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилердин бири Дастан Бекешевдин билдиришинче, учурда салыктык текшерүүлөр көбөйүп кеткендиктен, каржылык каатчылык маалында чакан жана орто бизнес өкүлдөрү колдоого муктаж. “Ошондуктан салык текшерүүлөрүнө 2016-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейинки мөөнөттө салыктык пландуу текшерүүлөргө убактылуу мораторий жарыялоо демилгеси сунушталууда. Ал эми 2017-жылдын 1-январынан тарта мыйзам күчүн жоготот”,- дейт депутат.

Депутат салыктык текшерүүлөргө мораторий жарыялоо текшерүүлөргө таптакыр эле тыюу салынат дегенди түшүндүрбөй турганын айтып: “Салык кодексинде камтылган рейддик текшерүүлөр ошол бойдон калтырылды. Демек, ишкердик субъекттерин ошол негизде деле көзөмөлгө алса болот. Башкысы - биз каржылык каатчылык маалында ишкерлерге аз да болсо жеңилдиктерди беришибиз керек”,- деп кошумчалады.

Мыйзам долбоорун көпчүлүк депутаттар колдобой турганын айтышып, салыктык текшерүүлөргө убактылуу тыюу салуу ири дефицит менен кабыл алынган бюджетти толтурууга зыянын тийгизерин белгилешти. Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов: “2008-жылы да салыктык текшерүүлөргө мораторий жарыяланып, жарытылуу деле жыйынтык берген эмес. Өлкөбүздүн Салык кодекси ансыз деле либералдуу. Эгер ишкерлер мыйзамсыз текшериле турган болсо, сотко же укук коргоо органдарына кайрылышса болот”,- деп билдирди.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун жактырышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан