Алмазбек Атамбаев адамдардын өлүмүнө алып келген Орусиянын Воркута шаарындагы "Северная" шахтасында болгон кырсыкка байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
"Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам",- деп айтылат өлкө башчынын телеграммасында.
Воркута шаарында 25-февралда 780 метр тереңдикте жарылуу болуп, шахта ураган. Андагы 110 адамдын 80ни чыгарылганы менен, каза болгондордун саны 36га жетти. 28-февраль күнү кечинде куткаруу иштери башталган. Кийин дагы бир жарылуу болуп, анын кесепетинен 5 куткаруучу жана 1 тоо жумушчусу көз жумган.