Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңеш Гүлбара Калиеваны Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө шайлады. Ал тууралуу “Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына жаңы мүчөнү бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Г.Калиеваны Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө бекитилиши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады. Ал эми Гүлбара Калиева өзүнө чоң ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Гүлбара Калиева 1959-жылы туулган. Жогорку юридикалык билимдүү. Ал 22 жылдан бери сот жана прокуратура тармагында иштеп келген. Ушул тапта Жогорку Соттун судьясы болуп эмгектенет.