"Коопсуз шаар" пилоттук долбоорунун алкагында азырынча бир видеокамера иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын жыйынында ИИМдин Башкы штабынын башчысы Бактыгул Абдыжалиев билдирди.
Анын айтымында, аталган видеобайкоочу комплекс Чүй облусунда, Бишкек-Сокулук трассасында орнотулган. "Бул жолдо көп кырсыктар катталат. Видеокамера жол эрежесин бузган унааны, анын мамлекеттик номерин аныктап, бул маалымат аркылуу ээси табылат. Андан соң унаанын ээсине айып пул жөнүндө кат жөнөтүлөт. 26-февралдан 3-мартка чейин 11 493 жол эрежесин бузуу фактысын аныктады. Жол эрежелерин бузууларды аныктоо пайызы 97ге барабар. Бул башкаларга салыштырмалуу мыкты көрсөткүч",- деп баса белгиледи Абдыжалиев.