Сыркоолорго паллиативдик жардам көрсөтүүнүн бир катар түрлөрү сунушталууда

Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети "Жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында кечээ, 5-мартта жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары Нуркамил Мадалиев жана Турсунбай Бакир уулу тарабынан демилгеленген аталган мыйзам долбоорунда паллиативдик жардам көрсөтүүнүн түрлөрү сунушталууда. Бул багытта баяндама жасаган Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Паиза Сүйүмбаеванын айтуусуна караганда, паллиативдик жардамды стационардык шартта, үйдө дагы көрсөтсө болот. Үй шартында паллиативдик жардам берүүдө көчмө кызматтар колдонулат.

"Өмүр менен өлүмдүн ортосунда алпурушкан сыркоолорго бир гана дары-дармектер жагынан эмес, алардын көңүлүн көтөрүүдө чыгармачылык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн дагы кызматын пайдаланса болобу?"- деп тактады депутат Лунара Мамытова. Ага жооп кайтарган статс-катчынын белгилешинче, бул багытта мамлекет тарабынан каралган каражаттар жок болгондуктан, көбүнесе демөөрчүлүк кылган тараптар балдардын онкологиялык бөлүмүндөгүлөргө концерт уюштуруп, сүт азыктары түрүндөгү колдоолорду көрсөтүп келишет.

Эскерте кетсек, "Эргене" фондунун маалыматына ылайык, кыргыз өлкөсүндө жыл сайын 3 миңдей адам рак оорусунан каза болот, алардын ичинен 80 пайызы азаптуу ооруга чалдыгышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан