Жогорку Кеңеш 17-марттагы жыйынында "Күрөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин карайт

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши 11-марттагы отурумунда парламенттин 16-17-мартта өтүүчү жыйындарынын күн тартибин бекитти.

16-мартта Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жана башка бир катар мыйзам долбоорлорун карайт.

Ал эми 17-марттагы жыйында "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Калкка онкологиялык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", дагы башка мыйзам долбоорлору каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан