Быйыл кыргыз жеринде Тарых жана маданият жылына карата айтылуу "Кут алчу билим" (“Кутадгу билиг”) чыгармасынын автору, ойчул, акын, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган атайын иш-чаралар уюштурулмакчы. Алардын алгачкысы бүгүн, 16-мартта Бишкектеги М.Фрунзе атындагы музейде орун алды. Музейде "Улуу ойчул Жусуп Баласагынга 1000 жыл" деген аталыштагы көчмө көргөзмөнүн ачылышы болду.
Көргөзмөнүн ачылыш аземине КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Эл жазуучусу Төлөгөн Козубеков, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов жана студенттер, окуучулар катышышты.
Көргөзмөдө Жусуп Баласагындын өмүр таржымалы, кыргыздар, тарыхый-архитектуралык курулуштар тууралуу макалалар, сүрөттөр жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар министр баштаган топко, студенттерге сүрөттөрдүн тарыхы, ойчулдун өмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу айтып беришти.
Көргөзмө Бишкекте Улуттук китепканада, Мамлекеттик тарых музейинде жана М.Фрунзе атындагы музейде өткөрүлүп жатат.