Белгилүү актриса Анжелина Жоли сириялык качкындар жайгашкан лагерде жамгыр алдында калганына карабай маалымат жыйын өткөрдү

Бүткүл дүйнөгө белгилүү актриса Анжелина Жоли карьера, үй-бүлө жана БУУдагы элчилик жумушун да калтырбай алып кетүүгө үлгүрүүдө. Себеби актриса бир күнү Англияда жолдошу Брэд Питтин жаңы тасмага тартылып жаткан жерде аны колдоп-коштосо, экинчи күнү үй-бүлөсү менен Лос-Анжелес шаарында. Андан сырткары Жоли согуш жүрүп жаткан аймактарга барып качкындарды коргоо жана колдоо боюнча иш-чараларды да уюштурууга жетишүүдө. Бул тууралуу чет элдик "Hello.ru" басылмасы жазып чыкты.

Актриса 15-март күнү Сирия менен чектешкен жерден 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Ливандагы Захла шаарында сириялык качкындардын көйгөйлөрү тууралуу атайын маалымат жыйын өткөрдү. Сыртта катуу жамгыр жаап жатканына карабастан, Жоли маалымат жыйынына чогулгандарга Европада жана Жакынкы Чыгыштагы качкындардын тагдыры тууралуу Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кеңири маалымат берди. "Бүткүл дүйнөдө башкаруу органдары түзүлүшү керек. Бул нерсе бийликтегилерге качкындарга кандай жардам көрсөтүү керектигин жана болуп жаткан окуяны анализдеп, түшүнүүгө чоң салым кошот",- деди ал өз сөзүндө.

Айта кетсек, 2014-жылдын июнь айында Улуу Британиянын канайымы Елизавета II Анжелина Жолинин гуманитардык ишмердигин баалап, ага кавалер айым титулун ыйгарган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
89elnura89
2016-03-17 13:15:33
Сулуу жана мээримдуу айым.
+11
aydarov...
2016-03-17 13:41:21
Бизге президенттикке алыпикелиш керек срочно
-17
ukmuw-ukmuw
2016-03-17 14:20:55
aydarov...,акча бийлик байлык учун намысынды сатасынбы
+9
Mahabbat
2016-03-17 14:32:28
aydarov..., ойлонбой туруп жазып койгонсунбу, же ошентип корунгон аялга, олкобузду караматып койгун барбы?
+8
samira8589
2016-03-18 12:27:59
Mahabbat,ооба да
0
saparali96
2016-03-17 13:43:56
Кыйын айым чындыгында
+4
basyz-kaman
2016-03-17 14:40:47
Бырыштары кобойуп карыптыр Жоли айым.
+5
begai93
2016-03-17 16:18:38
basyz-kaman,мимичный морщон деп аталат ) ал бырыштар жаштарда деле байкалат( кулгондо, жинденгенде,ыйлаганда ж.б)
+1
aikokul14
2016-03-17 16:42:00
begai93,мимические морщины болот,же тырыш деп эле кой кыйналбай.
+1
begai93
2016-03-19 02:49:54
aikokul14,акыры тушундунбу ))))
0
begai93
2016-03-19 03:03:38
aikokul14, но правильно говоришь! кыйналбай кыргызча эле суйлош керек )))
0
sharolli
2016-03-17 15:20:10
Жакшы коромго чиркин ;)
+2
Drongo
2016-03-17 16:35:51
Бул аялдын кылган иштери жон гана пиар озуно,пайдасы жок.Буунун атайын фондунан,элчиликтен,капчыгын кампайтып миллион акчаларды алып турат.
+1
azazda
2016-03-17 16:46:41
Тушунбодум Исламды кабыл алдыбы? Админ ушул актриса боюнча макала чыгабы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан