Бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталынын "Видеоклиптер" бөлүмү жаңы клип менен толукталды. Эстрада жылдызы Ильяз Абдыразаковдун иниси Нияз Абдыразаковдун "Сени сагынганда..." аттуу ырынын клиби кошулду. Клиптин режиссёру - Нурсултан Кубатов.
"Мен изденүүнү токтотпойм" деген ырчы менен байланышып, "Клипти тартууда кандай кызыктар болду?" деп собол салдык. "Болгон аракетибизди сарптап, жакшы клип тартууга аракет кылдык. Эл - тараза, эл - сынчы, андыктан кандай клип болгонун эл айтып, баасын берсин. 2000 долларлык аппаратты жана фотоаппаратты арабыздагы жигиттердин бири машинасы менен тебелеп кетсе болобу. Ошого карабай клипке орточо чыгым сарпталды. Баары тааныштар болгондуктан, тартуу процесси жеңил эле болду",- дейт ырчы.
Нияз Абдыразаковдун "Сени сагынганда..." ырына тартылган клипти бул жактан көрсөңүз болот.