КИНОЗАЛ: Кыргыз жеринде сынга кабылган, Азиядагы мыкты тасмалардын бири - "Бешкемпир"

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүндөгү кызыктуу тасмалардын бири - "Бешкемпир" тасмасы. Тасма 1998-жылы тартылган. Драма жанрындагы фильмдин режиссёру - Актан Арым Кубат.
Тасмадагы башкы каармандардын образын актёр-актрисалар Мирлан Абдыкалыков, Альбина Имашева жаратышкан. “Бешкемпир” фильмин жөн жерден тарткан жокмун, өзүмдүн башымдан өткөн турмушумду чагылдыргым келген",- деген режиссёр тасмада асыранды баланын балалыгын жана айыл турмушун көрсөткөн.
Башкы каармандын ролун ойногон Мирлан Абдыкалыков бой жетип, атасынын жолун жолдоп, учурда тасма тартуу менен алек. "Бешкемпир” тасмасындагы “кум айымды” жасап алып эрмектешкен эпизод тууралуу актёр мындай дейт: "Уялганым менен, режиссёрдун көз карашын чагылдыруу керек экендигин да эске алдым. Бул “кум айымда” чындыкка камтылган жашоо бар эле да. Жашы жете элек ар бир эле баланын өзүнүн оюну бар экендиги сыр эмес го. Азыр карап отурсам, кыргыз клиптеринде мындан да өткөн уятсыздыкты көрсөтүп жатышпайбы. Учурда өзүмдүн жарнама, клип тарткан “Селкинчек” деген студиям бар. Атамдын ишин аркалап жатам десем да болот. Бала кезимден кино жаатында эмгектенип, эми деле бул тармактан алыстаган жокмун".
Жогорудагы эпизод кыргыз коомчулугунда бир топ сындарга кабылган. "Кыргыздын менталитетине жат көрүнүш..." деген сындар айтылган.
"Бешкемпир" тасмасы Азиядагы эң мыкты тасмалардын катарына кирген.
Тасманы толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
azamatzh
2016-03-17 10:13:29
тилекке каршы менталитетибизге жат корунунуштор емнегедир мыкты аталат
0
barpynynkyzy
2016-03-17 10:18:32
" Ме, сагга, мее" деген созу аявай мода болгон эле )))
+3
eliko
2016-03-17 10:30:31
Аябай жакшы тартылган кино,айылдагы балалыгым эстейм,бут болгон нерселер болот балалык кезде бойго жетип баштаган убакта.Менталитет деп умный,правильный боло бергилечи.Балалык оюнда аны ким ойлоптур
0
Umar080814
2016-03-17 11:51:17
жаккан эмес
0
diaz
2016-03-17 12:25:14
сонун кино
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан