ЭЛДИК КАБАР: Ак-Талаа районунун бир катар айылдарына барчу көпүрөнүн абалы коркунуч жаратууда

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун бир катар айылдарына барчу көпүрөнүн абалы коркунуч жаратууда. Көпүрөнү бириктирип турган цементтен жаракалар кетип, айрым жерлери тешилип да калган. Бул тууралуу окурман бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Бул көпүрө иштен чыгып, жараксыз абалга келсе, жергиликтүү тургундар эле кыйналышат. Жалгыз ушул көпүрө аркылуу өтөбүз, башка жолдор жок. Айланып өтүү үчүн Терек-Сай суусун кечип өтүүгө туура келет. Муну көргөн аймактык бийлик өкүлдөрү көпүрөнү оңдоого аракет кылышат, бирок айыл өкмөтүнүн каражаты майда-чүйдө иштерди бүтүрүүгө гана жетет. Бул чоң көйгөйгө бийлик өкүлдөрү көңүл бурса дейбиз. Айылдын тургундары бул көпүрө оңдолуп калар деген үмүт менен жашап келатышат",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
joodar_myrza
2016-03-17 13:50:29
40 тонналык ховолор отсо керек да, негизи туура эмес салынган экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан