Польшада 81 жаштагы Михалина Боровчик-Ержеек аттуу пенсионер көп жыл бою чогулткан каражаттарына кыялындагы унааны сатып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, баасы 46 миң евро турган Subaru WRX STI үлгүсүндөгү унааны сатып алуу үчүн пенсионер 13 жыл бою акча топтогон. "Бул унаанын жүрөгү, жаны бар" деп унаасын айланчыктаган пенсионер учурда Польшанын шаарларын кыдырып жүргөнү маалым.
Белгилей кетсек, Михалина Боровчик-Ержеек мамлекеттен алган пенсиясын гана карабастан, кыймылсыз мүлктөрүн ижарага берүүдөн да пайда көрөт.