Мирлан Абдыкалыков режиссёрлук кылган "Сүтак" тасмасы 11-апрелден тарта немис көрүүчүлөрүнө көрсөтүлөт. Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу аймагында жашаган жылкычы Табылдынын үй-бүлөсү тууралуу тасманы Германиянын Франкфурт-на-Майне, Пфорцхайм, Дрезден, Берлин, Карлсруэ жана Висбаден шаарындагылар көрө алышат. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында "Сүтак" тасмасы Германияда 3-8-ноябрь күндөрү өткөн фестивалга катышып, тасма аталган өлкөдө көрсөтүү жана DVD-дисктерге чыгаруу боюнча сыйлыкка татыган эле.