ЖЫЛНААМА, 18-МАРТ: 87 жыл мурун кыргыз ММКларында Таш-Рабат аттуу уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы тууралуу маалымат тараган

Мындан 87 жыл мурун, 1929-жылы 18-мартта кыргыз ММКларында Нарында Таш-Рабат аттуу уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Буга чейин илимге белгисиз эстелик Ат-Башы тоосунун арасында орун алгандыгы коомчулукка маалым болгон.

Уникалдуу эстеликке чукул арада чара көрүлбөсө, тарыхый мурас таштандыга айлана тургандыгы кабарланган. Маалымдоо каражаттарынын белгилөөсүнө караганда, жергиликтүү калк эстеликти сакташтын ордуна аны мал сарайга айландырышкан.
Ал эми Таш-Рабаттын пайда болуусу жөнүндө бир нече оозеки уламыштар айтылып келет. Алардын биринде ошол аймакта жашаган элдерге кылган күнөөлөрү үчүн Жараткан катуу сел жөнөткөн экен. Элдин баары селден каза табышып, арасында ошол кезде сыйынуучу жай (Таш-Рабатты) куруп жаткан ата-бала аман калыптыр.
Чокон Валихановдун изилдөөлөрүнө караганда, Таш-Рабатты XVI кылымдарда Бухарадан баштап Түркстандын бүт аймагын башкарып турган шейбан ханы Абдуллах хан курган. Бирок Ч.Валихановдун бул ойлору тарыхый, археологиялык далилдердин толук эместигинен так эмес деп табылган.
Таш-Рабаттын 40-41 бөлмөсү жөнүндө да өзүнчө уламыш айтылып жүрөт. Бөлмөлөрдү санасаң кээде 40, кээде 41 болуп, эч качан саны бирдей чыкпайт. Мунун себеби ошол убакта душмандардан коргонуу үчүн бир бөлмөсү атайын табышмактуу жол менен курулуп, хандын жашынып калуусу үчүн шарт түзгөн дешет.
18-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aikol87
2016-03-18 08:29:36
Кызыктууго коргум келди
0
Stella_1
2016-03-18 09:09:38
Оооба ошондой эч эле туура чыкпай койгон.
0
Stella_1
2016-03-18 09:10:42
Ооба ошондой экен,санасам эч эле туура чыкпай койгон.
0
diaz
2016-03-18 10:44:34
чын еле болмосу ошондой бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан