"Медиа-порталдагы" элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан, ата-энеге арналган ретро клиптердин бири - Мухтар Атаналиевдин "Ата-энеме кат" клиби. Клип 2001-жылы тартылган. Кандайча тартылып калганы тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Шаарда окуп, иштеп жүрүп айылга деле көп каттабай калат эмеспизби. "Ата-энем үчүн эмне жасай алам, же жанында дайыма боло албасам... Кантип ыраазы кылам, ак мээнетин кантип актайм?" деп көп ойлончумун. 2000-жылдары бир аз сыркоолоп жүргөн кезим эле. Бир күнү айылга ата-энемдин жанына барып, алардын жумуш жасап ары-бери басып жүргөнүн эстеликке деп видеого тарта келгем. Андан клип жасайм деген оюм жок болчу. Кийин айылдан тарта келген видеодогу кадрларды кошуп "Ата-энеме кат" ырына клип тарта салдык.
Кээде бир ырдын сөзүн, обонун жазыш үчүн бир жылдай убакыт кетиши мүмкүн. Ал эми ата-энеме болгон сый, сүйүү, сагынуу ушунчалык күчтүү болгондуктанбы, "Ата-энеме кат" ырынын сөзү, обону, жадакалса клиби да бир күндө даяр болгон. Азыр өзүм тасма тартып жүргөндүктөн, ата-энем тууралуу толук көрсөтүү тартып, клипти кайра тартып чыгарсамбы деген оюм бар. Бирок убакыт тартыш. Буюрса, клип тартууга да жетишербиз".
Клипти толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.