Мындан 57 жыл мурун, 1959-жылы 18-мартта франциялык атактуу режиссёр жана продюсер Люк Бессон Парижде төрөлгөн. Ал Гарвард университетинин актёрдук бөлүмүн аяктаган.
Продюсер, сценарист, актёр, режиссёр, оператор Люк Бессон кичинекейинде бул кесиптер тууралуу эч нерсе уккан эмес. Анын ата-энеси аквалангисттер болгон. Кичинекей Люк да чоңойгондо деңиз дүйнөсүн изилдеген биолог болууну самаган, бирок тагдыр аны жашынан эле чоң киного аралаштырып жиберген.
19 жашында Голливудга кеткен жаш режиссёр ал жерде кино тартпай эле чоң режиссёрлорго чай, кофе даярдап иштеген. Кайрадан Парижге келип, адегенде майда клиптерди тартып, “чоң” режиссёрлордун жардамчысы болуп иштеп, ошол эле убакта өзүнүн “Бөрүнүн тасмасы” деген чакан киностудиясын ачып алат. Акчасы аз болгондуктан, жаш режиссёр “дудук” жана ак-кара фильмдерди тарткан. “Жер төлө”, “Никита”, “Леон” деген тасмалары жарык көргөндө режиссёр киностудиясын “Дельфиндин тасмасы” деп өзгөртөт.
Голливуд Бессонду “Бешинчи элемент” деген фантастикалык тасмасынан кийин кабыл алган. “Бешинчи элемент” режиссёрду гана эмес, актёрлор Брюс Уиллис менен Гэри Олдманды жана режиссёрдун жубайы супермодель Милла Йововичти (кийинчерээк ажырашып кетишкен) атак-даңкка жеткирген.
Мындан сырткары ошол эле Милла Йовович менен “Жанна д`Арк”, Сами Насери менен “Такси 1-4”, Жет Ли менен “Ажыдаардын өпкөнү”, Скарлетт Йоханссон менен "Люси" жана башка мыкты фильмдери Люк Бессондун талашсыз күчтүү режиссёр экендигин далилдеген.