Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлери айына орто эсеп менен 70 миң сомдон алышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында аталган компаниянын башчысы Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компанияда 17 адам иштейт. "Аталган көлөмдөгү айлык акы банк кызматкерлериникинен азыраак",- деди Жээнбаева.
Депутаттар мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыктары аз экенин белгилеп, мындан улам аларга мамлекеттик ипотека алууга мүмкүн эмес экенин айтышты. "Мугалимдер жана медициналык кызматкерлер турак жайга муктаж. Айрыкча жаш адистер. Алар ипотеканы төгүш үчүн айына 12-15 миң сомду кайдан табышат?"- дешти депутаттар.
Талкуунун жыйынтыгында фракция мамлекеттик ипотеканын шарттарын өзгөртүүнү өкмөткө сунуштады.