МЕДИА-ПОРТАЛ: Учурдагы жаштардын таанышуусун чагылдырган Жакут Сыдыков менен Наргиза Айтемированын "Алло" аттуу клиби

Акыркы кезде көпчүлүк "Алло-оо, алло-оо" деп ырдап калганы байкалууда. Ал тургай кичинекей балдар да бул ырга телефондон клип тартууга үлгүрүштү. Ал эми интернетте айрымдар "Бул ыр казактардан которулуп алынган. Жакшы ырдалган эмес" дешсе, башкалары "Биздин ырларды деле казактар ырдап жүрүшпөйбү, көрө албагандар ар нерсе деп айта беришет" деп эки жаатка бөлүнүп, кызуу талкуулашууда. Ал эми казактардын Торегали Тореали жана Ерке Есмахан аткарган "Алло" чыгармасы да көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан.

"Алгач эки казак бир туугандардын аткаруусундагысын көрүп, өзүбүз алардын уруксаты жок которуп ырдаганбыз. Кийин уруксат алып кышында, 20-январда клип тартып, 25-январда элге көрсөттүк. Казактардын аткаруусундагы клип жайында тартылса, биз жаз жана күздү көрсөтүп, элди "клипти казактардан биринчи тартып алгансыңар го" деп таң калтырдык",- дейт куудул, ырчы Жакут Сыдыков.

Клип кышында тартылса да, анда кыш мезгилинен бир да кадр көрүнбөйт, өзгөчөлүгү дал ушунда десек болот. Ал эми аткаруу жагынан карасак, кыргыз ырчылары ырды жакшы аткара алышкан.

Клипти толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alixan-Nookat.2015
2016-03-18 17:07:23
Жакшы тартылган клип экоо тен кыргызчада, казакчада. Казакча клиптеги кыз татынакай экен.
+2
Apyyke
2016-03-18 17:16:00
Молодцы Жакут менен Наргиза Кахктардан ашсанар аштынап бирок кем эмес экенсинер.
-3
Bermet_Kasymova
2016-03-18 17:55:45
Эки жактыкы тен аябай жакшы чыккан.
-1
AKCAHAT
2016-03-18 20:00:32
Казакчасы да жакпайт кыргызчасы дагы.
+2
Alina1984
2016-03-19 18:55:54
Казакчасы жагат мага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан