Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү жаш ырчылардын бири, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-жылдын супер тобу" наамын алган "Чоро" тобунун солисти Нурболот Теңизбек бүгүн, 18-мартта борбор калаада болуп жаткан "Атактуулар арасында кол күрөш" сынагына имиджин өзгөртүп келди. Учурда кыргыз шоу дүйнөсүндө модага айланып бараткан сакал коюу кезеги эми 25 жаштагы ырчыга жеткен көрүнөт.
Учурда мындай стилге өткөн ырчылар аз эмес. Алсак, жакында эле мындай имиджге ырчылар Арсен, Урмат Усенов, шоумен Бакыт Байсариев жана башкалар өтүшкөн.