Борбор калаадагы соода борборлорунун биринде кечээ, 18-мартта "Атактуулар арасында кол күрөш" иш-чарасында кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү күч сынашты.
Иш-чаранын уюштуруучусу Гүлзара Кокенова: "Иш-чаранын максаты - өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттыруу. Жаштар белгилүү адамдарды кумир тутушат эмеспи, андыктан шоу дүйнө өкүлдөрүн жаштарга үлгү болуп берүүгө чакырдык. Спорттун башка түрлөрү боюнча сынактар көп эле өтөт. Ал эми кол күрөш боюнча алгачкы ирет өтүп жатат",- деп билдирди.
Иш-чарага ырчылар Роза Шакирова, Замир Арыкбаев, Гүланда, Гүлнур Асанова, Азиза, Аяна Касымова, Нурболот Теӊизбек, Асел Кадырбекова, Руслан Абылов, Данияр Эрматов, "Жебе" тобунун жигиттери, "тамашоучулар" Санжар Мыкыев, Зияш Турдубеков, Кубат Кубанычбеков, шоумен Бакыт Байсариев, чакырылган коноктор жана башкалар катышышты. Жыйынтыгында эркектер арасында 65 килограммга чейинки салмакта Зияш Турдубеков 1-орунду алса, Санжар Мыкыев 75 килограммга чейинки салмакта үчүнчү, Кубат Кубанычбеков 75 килограммдан жогору салмакта 2-орунду алды. Ал эми кыздар арасында 60 килограммга чейинки салмакта Гүлнур Асанова, ал эми Роза Шакирова 60 килограммдан жогору салмакта 1-орунду алышты.