Бүгүн, 25-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жети күндөн бери Кыргыз Республикасынын каршылык нотасына түзүктөп жооп кайтарбай жаткан Өзбекстан бүгүн сүйлөшүүнү сунуштады. Өлкөлөрдүн Чек ара кызматтарынын башчылары Кызыл-Кыядан жолугушуп, Аксыда түзүлгөн кырдаалды талкуулашууда.
Мамлекет жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин кечээги кескин билдирүүлөрү Өзбекстанды ойлондурган сыяктуу... Тунжуроо режиминде турган коңшулар 24 сааттын ичинде кыймылга келишти. Аймактан аскерлерин чыгарбаганы менен, сүйлөшүүгө биринчи болуп сунуш киргизүүсү коңшулардын жумшара баштаганын билдирет. Президент кечээ "Өзбекстан айласын таппай калды, керек болсо сууну бууп коёбуз...", "Согуш баштабайбыз, бирок тийишсе жообун берүүгө даярбыз...", "Мен президент болуп турганда өлкөбүз эч кимге чөгөлөбөйт..." деген курч билдирүүлөрдү жасап, Каримов жетектеген өлкө мындан ары Кыргыз Республикасына үстөмдүк кылуудан үмүтүн үзүшү керектигин айтты.
Президенттин позициясы тышкы саясатта маанилүү инструмент. Атамбаев кечээгидей тарс жарылып сүйлөбөй, жымсалдап эл сооротор сөздөрдү айтып тим болгондо, Өзбекстан бүгүнкүдөй "келиңиз, сүйлөшөлү" демек эместир, балким...
Чек ара кызматынын башчыларынын сүйлөшүүсү бүтө электиги айтылды. Көпчүлүк кырдаалды жөндөө же Аксыдан аскерлерди чыгарып, жолду ачтырууда тараптардын тил табышуусун күтүп жатышат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган оппозиция лидерлери Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бошотула элек. Түндү УКМКнын убактылуу кармоочу жайында өткөрүштү. Бүгүн-эртең аларга карата соттун санкциясы чыгып, шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы аныкталары айтылды. УКМКнын билдиришинче, Кадыров менен Асанов коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырып, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат.
Бишкек шаардык Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева кылмышка шектелүүдө. Чиновникти Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери 25-мартка караган түнү кармашып, учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурат. Расмий орган Жанабаева ага карата ачылган кылмыш ишине байланыштуу камакка алынганын билдирүүдө. Азыркы маалда прокуратура кызматкерлери аны суракка алышууда. Эл ичинде "майлуу-сүттүү орун" деп айтылган аталган кызматтын башчысы "кол алдында иштеген кызматкерине байланыштуу жасалма документке кол коюп, ал кызматкердин жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылышына тоскоолдук жаратты" деп айыпталууда. Бул жагы "карга карганын көзүн чокубайт" болгон өңдүү...
Өлкөдө 2016-жылдын 1-мартына карата 382,8 миң адам мамлекеттик жөлөк пул алары аныкталды. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мунун 301,4 миңи балдары бар, жакыр үй-бүлөлөр.
Республика жарандарында социалдык коргоо, жөлөк пул берүү системине нааразычылык күчтүү. Айрыкча акыркы жылдары өкмөттөн жардам алган карапайым калктын чыдамы кетти. Социалдык түйшүк моюнга мингенин айтышып Нарын, Алай, Аксынын жана башка аймактардын тургундары премьер-министрге талап коюшкан.
"Дүйнөлүк каатчылык маалында башка мамлекеттердин өкмөтү элге жеңилдиктерди берип, социалдык колдоону күчөтөт. Биздики тескерисинче... Бир эски автоунаасы барларга "киреше булагың бар экен" деп жөлөк пул беришпейт. Автоунаасы 1 айда сом киреше таппаган үй-бүлөлөр менен Темир Сариевдин башы да оорубайт",- дейт Аксы районунун тургуну Шекербек Камчыбек уулу.