КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 25-МАРТ. Кыргыз жана өзбек Чек ара кызматтарынын башчыларынын чек ара боюнча сүйлөшүүсү 8 саатка жакын созулду

20:34. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын башчыларынын чек ара боюнча сүйлөшүүсү 6 сааттан бери уланууда. Протоколдор бекитиле элек. Сүйлөшүү качан бүтөрү белгисиз. Муну SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

18:25. Бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамында кызмат кылып жаткан айымдар жамааты, мектеп окуучуларынан түзүлгөн милициянын жаш достору Аксы районунда кызмат өтөп жаткан күч кызматкерлерине кабар алуу менен аларга моралдык жактан жардам көрсөтүү иретинде барышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач алар кызмат өтөп жаткан милиция жана чек ара кызматкерлерине тамак-аш азыктарын тартуулашты. Алар менен кошо барган маданият кызматкерлери мекен сакчыларына чакан концерттик программа коюп, милициянын жаш жардамчылары да өздөрүнүн жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.

“Мекенди коргоо - баарыбыздын ыйык милдетибиз, андыктан биз өлкөнүн келечегине кайдыгер карабастан, мекен чегинде мамлекеттин коопсуздугу үчүн турган эр-азаматтарды көрүп өзүбүзгө дем, ишеним алдык”, - деп билдирет милициянын жаш жардамчысы Курманбек уулу Умар.

Бул иш-чараны уюштурган Жалал-Абад ОИИБинин айымдар жамаатынан келген өкүл Чынара Кадырова төмөндөгүлөрдү белгилейт: “Келгенибиздин негизги максаты - бул жерде турган сакчыларга руханий байлык тартуулоо, аларга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү жана артыбыздагы жаш муундардын сезимдерин ойготуп, патриоттуулукка тарбиялоо”.

17:20. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын башчыларынын чек ара боюнча сүйлөшүүсү 3 сааттан бери уланууда. Качан бүтөрү белгисиз. Муну SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

14:35. Бүгүн, 25-мартта өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев: "Чек ара маселеси абдан кылдат мамилени талап кылат. Президент айткандай, биз эч кимге жамандык каалабайбыз, биринчи күч колдонбойбуз. Бирок жарандарыбызды коргош үчүн күчүбүз жетет. Акыркы күндөрү ар кандай ушак сөздөр айтылып жүрдү. Мындан алыс болушубуз керек", - деди.

14:14. Өзбек тараптын сунушу менен өлкөлөрдүн Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүдө КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара бөлүктөрүнүн жетекчиси Рустам Эминжанов менен кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды талкууламакчы. Жолугушуу "Кызыл-Кыя унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пунктунда өтүүдө.

13:40. Аксыдагы чек ара тилкесинде абал туруктуу жана өзгөрүүсүз. Маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Эки тараптын тең аскерлери мурунку орундарында турушат.

11:48. Кыргыз-өзбек чек арасындагы кыргыз аскерлерине жергиликтүү айылдардын тургундары суусундук, тамак-аш жеткирип, жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын Алибек аттуу тургуну билдирди.

09:10. Кыргыз өкмөтү Аксыдагы чек ара кырдаалына кечигип реакция жасады. Муну SUPER.KG порталына Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев билдирди. "Өзбекстан чек арага аскер киргизери менен дароо блокпостун сүрдүрүп салышыбыз керек болчу. Ошондо унчуга албай калмак, ошондо биз менен сүйлөшүүгө бармак. Жолубузга шлагбаум койдуруп алып, 3 күндөн кийин Өзбекстанга "келгиле, сүйлөшөлү" дегенине кыжырың келет",- дейт депутат.

Айтымында, аймакта абал өзгөрүүсүз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан