Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-апрелде Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушуп, мамлекет башчыга республикалык бюджеттин акчасын пайдалануунун эффективдүүлүгүн көзөмөлдөө иштери тууралуу маалымат берилди.
Марипов мамлекеттик аудит системин мындан ары реформалоо, республикалык бюджеттин каражаттарын пландоонун жана пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо үчүн көзөмөлдөө иш-чараларынын сапатын арттыруу, аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү, мамлекеттик аудит системинде коррупциялык тобокелдиктерди жоюу аракеттерин атады.
Алмазбек Атамбаев мамлекеттин акчасын үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо боюнча Эсептөө палатасынын алдында маанилүү милдеттер турганын айтты.