Жазуучу, акын, драматург Насирдин Байтемиров 1916-жылы 14-апрелде Чγй облусундагы Кегети айылында жарыкка келген. Айылдык мектепти бγтөрγ менен Фрунзедеги зооветинституттун даярдоо бөлγмγнө өтγп, 1934-жылы 1-курсуна кабыл алынат. 1934-жылы "Ленинчил жаш" гезитине "Жаш тилек" аттуу алгачкы ыры жарыяланат. 1937-1939-жылдары аскер кызматын өтөп келери менен энесинин, айрыкча агасы Касымдын айткан жомокторунун негизинде жазылган "Жомоктор" деген китеби жарык көрөт.
Согуш жылдарында айылда жγрγп, эсепчи, зоотехник, мугалимдик жана комсомолдук иштерде иштеген. Дал ушул элет жеринде Н.Байтемиров жазуучу γчγн эң зарыл болгон турмушту γйрөнγγ менен кийинки жазылуучу чыгармаларына бай материал жыйнаган.1945-жылы Фрунзеге келип, "Кызыл Кыргызстан" гезитине кызматка орношот. Ушундан баштап эл аралап, чоңураак чыгарма жазууга камынган. Натыйжада "Азамат" аттуу повестин жарыкка чыгарган. Мында автор согуш учурундагы өлкөнγ коргоо γчγн бγткγл кайрат-кγчγн жумшаган кыргыз учкучу Азаматтын образын тγзγγгө аракеттенет.
Н.Байтемиров жетишерлик турмуштук, жазуучулук тажрыйба топтогон кезде да адабий билимин көтөрγγнγ эңсеп, Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтуна кирип, аны 1955-жылы бγтγргөн. Жазуучунун "Акыркы ок" романынын жарык көрγшγ дал ушул жылга туш келген. Буга аялдар темасындагы γч романы жарыяланып, алар авторду кыргыз адабиятындагы белгилγγ романчы катары тааныткан. "Жылдызкан" романында сγрөткер "Жаш жγрөктөрдөй" даяр каарманды албастан, Жылдызкандын кичинекей кезинен тартып кандай турмушту башынан өткөргөнγн, көз карашынын калыптанышын, кулк-мγнөзγн, дγйнө таанымын ар тараптан кеңири сγрөттөгөн.
1966-жылы жарык көргөн "Тарых эстелиги" сγрөткерге реалисттик проза жазуунун чыгаан өкγлдөрγнγн бири, тарыхый роман жаратуунун чыныгы чебери катары атак-даңк алып келген. Н.Байтемиров γчγн "Уркуя" эч качан өзγнγн актуалдуулугун жоготпой, ал гана эмес, биротоло жазуучунун стихиясына айланып кеткендиктен, автор бул темага кайра-кайра кайрылып, "Уркуя" поэмасын, "Уркуя" драмасын жазып, ар кандай жанрдагы жаңы чыгармаларды жарата берγγдөн тажаган эмес. Ал "Уркуядан" башка да "Кγйөө", "Ким кγнөөлγγ?", "Жолдо", "Адамдын аты" драмаларын, "Эненин жγрөгγ", "Аста, секин, колукту" музыкалуу комедияларын жазган. Эң негизгиси, Н.Байтемировдун калеминен "Сонундар дγйнөсγ" (1967), "Турмуш элеги" (1972), "Санта" (1970), "Козголоңчу аял жана сыйкырчы" (1984) сыяктуу көркөм дөөлөттөр жаралып, кыргыз адабиятындагы роман жанрынын бөксөсγн толтурууга зор γлγш кошкон.
Н.Байтемиров поэзия жанрында да γзγрлγγ эмгектенген кыргыз акындарынын ирилеринин бири болгон. Башкасын айтпаганда да, "Жγрөк кγγсγ" (1955), "Сγйгөнγм" (1957), "Канаттуу кγндөр" (1964), "Эриген таш" (1969), "Махабат дастаны" (1975), "Махабат жазы" (1979), "Махабатым – канатым" (1981) сыяктуу көлөмдγγ ырлар жыйнактарынын өзγ эле кыргыз поэзиясынын тарыхынан көрγнγктγγ орун алып берγγгө кудурети жеткен.