Президент Алмазбек Атамбаев «Түкүрбө! Не плевать!» акциясын колдоп, социалдык коргоо жана колдоо боюнча президенттик фонддон каржылык көмөк көрсөтүү үчүн 50 миң сом бөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет башчы ушундай жарандык демилгелер кыргыз жарандарынын аң-сезиминде сапаттык өсүүлөр болуп жатканын белгилейт, өз өлкөсүн, шаарын жана айылын ардактап сүйүү коомдо маанилүү күчкө айланып баратканын көрсөтөт деп эсептейт.