Биз социалдык тармакта

Дагы бир фракция Жогорку Кеңештин спикерлигине Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдой турганын билдирди

Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясы парламент спикери кызматына КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

Эскерте кетсек, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо өтүп, талапкерлер: "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 51:51ден бирдей добуш алышкан. Мындан улам кийинки аптада жаңы талапкерлер менен жаңы шайлоо өткөрүлмөкчү.

Бүгүн, 22-апрелде КСДП фракциясы Ч.Турсунбековдун спикерликке талапкерлигин коюуну бир добуштан жактырган. Буга чейин анын талапкерлигин колдой турганын "Ата Мекендин" жана "Республика - Ата Журттун" лидерлери айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан