ЭЛДИК КАБАР: "Фрунзе" ири дүкөнүнө белгисиз аял таштап кеткен баштыктан жардыруучу зат эмес, жаш балдардын кийимдери табылды

"Бүгүн, 22-апрелде саат 13:00 чамасында Бишкектеги "Фрунзе" ири дүкөнүндө белгисиз аял кассанын жанына баштыгын таштап кеткен. Күзөт кызматкерлери "ичинде бомба бар" деп ойлоп, келгендердин баарын эвакуациялашты",- деп окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери келип, ири дүкөндүн айланасын курчоого алышкан. Аталган аял келип, калтырып кеткен баштыгын ачып көрсөткөндө, ичинде жаш балдардын кийимдери бар экени белгилүү болду.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aidowi
2016-04-22 14:22:20
Ой боорум ай))))
-3
Zainka
2016-04-22 14:22:23
Сактыкта кордук жок.
+5
bom.bon
2016-04-22 14:30:40
Иии ичим,,Силер эмне жарылуучу зат куттунор беле;)
-1
Kroxa
2016-04-22 14:34:33
Охранниги озу ачып корсо болбойт беле,,сразу эле жаман ойлобой биз соода кылып жаткан жерге Далай жолу баштык таштап кетишет биз охранага беребиз участковый экоо ээлерин таап карматышат...
+4
syd.adilet
2016-04-22 15:00:58
Азыр адамдар оз колокосунон озу корко турган болуп калган.
0
Labadax
2016-04-22 17:56:33
Бут баарын тартыпсынар,пакетти да тартып койбойт беленер.
-1
nelya88
2016-04-22 18:28:52
Labadax,корзиналардын жанында сумка турат го
+1
radyakiz
2016-04-22 18:09:48
Тиги аял шкафчике салып койбойт беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан