21-апрелде саат 11:00 чамасында Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Кайрат айылында унаа жолунун четиндеги электр мамысын Ауди-80 үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кетип, кыйшайтып салган. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
"Өзгөн райондук электр тармагынын кызматкерлери келип, эч чара көрбөй кетип калышты. Азыркы учурда жергиликтүү калк электр мамысы качан жыгылып калат деп кабатыр болууда",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.