Өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган Акылбек Султанов Улуттук статистикалык комитеттин башчысы болду

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Акылбек Султанов Улуттук статистикалык комитетинин башчысы кызматына дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Айта кетсек, Акылбек Султанов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон. 2015-жылы парламенттин 6-чакырылышына шайлоонун жыйынтыгы боюнча КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке өтүп, бирок бир нече апта өткөндө, тагыраак айтканда, декабрь айында өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан