ЭЛДИК КАБАР: Тажикстандагы жерге-талдык кыргыздар жер маселеси 2 жылдан бери чечилбей жатканына нааразы

Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган кыргыздар жер маселеси эки жылдан бери чечилбей жатканына нааразы. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

"Жерге-талдык кыргыздардын дыйканчылык кылчу 350 гектар үлүш жерин аскер кызматында иштегендер өткөн жылдын күз айларында ээлеп алышкан. Район эли жергиликтүү бийлик органдарына кайрылып, маселени чечип берүүнү талап кылып келет, бирок бийлик өкүлдөрү элди укпай койгондуктан, бул маселе эки жылдан бери чечилбей жатат. Бул аймактын эли дыйканчылык менен жашап келген",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
isnur93
2016-04-23 11:08:35
Соонун жерго
+5
Aidowi
2016-04-23 11:21:12
Шаардын ызы чуусу жок, тынч ,жапжашыл экологиялык таза жер экен
+4
nursultan67
2016-04-23 11:22:32
Кыргыздар сонун жерде жашайтда озу
+3
ruslankg
2016-04-23 11:57:15
Сонун жерго
+2
bolotbek91
2016-04-23 12:34:33
Алга айыл окуру менимче
0
Medina87
2016-04-23 12:34:56
Олкобуздун ичиндеги маселелелер айлап-жылдап аран чечилип жатат.
Жерге-Талдык жердештердин сабырдуулугуна баа бердим. Жетекчилер коз кыйыктарын салышаар кабарды окуган сон.
+1
nargiz_96
2016-04-23 12:43:42
кыргыздар озунукун чече албай жататко азыр
+2
Rus.ruslan
2016-04-23 12:56:00
Бийликке ишенсенер, 2 жыл эмес 22 жыл кутуп журо бересинер.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан