Бүгүн, 23-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Ош шаарынын Алымбек датка эс алуу багында "Көчө китепканасынын" ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чара "Китеп - эң жакшы дос" аттуу долбоордун алкагында "Инсан таануу" коомдук бирикмеси тарабынан шаардык мэриянын колдоосу менен уюштурулду. "Иш-чарага Ош шаарынын тургундары, коноктору, студенттер катышты",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.