Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 17-мартында кабыл алган “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2005-жылы 12-мартта кабыл алынган №49-“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жаңы 361-берене менен толуктайт (күрөө менен камсыздалган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар). Бул берене күрөө менен камсыздалган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу, айлантуу жана карызды жабуу талаптарын белгилей турганын президенттик аппараттан билдиришти.
Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.