Оппозициялык депутат КСДПнын өкүлүнүн спикерликке келгени тууралуу: "Эки чылбыр бир колго тийди"

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча тендер маселеси тууралуу парламенттин убактылуу депутаттык комиссиясы маалымат берүүдө.

Анын жүрүшүндө оппозициялык "Бир бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров жыйында төрагалыкты жаңы шайланган спикер Чыныбай Турсунбеков эмес анын орун басары Нурбек Алимбеков аткарып жатканына нааразычылыгын билдирди. "Спикер КСДПдан болуп, эми эки чылбыр бир колго тийди. Жаңы шайланган спикер тартипти сактоону өзүнөн баштап, бул жыйынды өзү алып барса болмок. Туура эмес иш болуп жатат", - деди Жапаров.

Айта кетсек, 13-апрелде КСДПнын өкүлү Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы кызматына дайындалган. Бүгүн, 27-апрелде КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан